Бишкекте айт намазы Эски аянтта өтөт

Сергей Гармаш Коом / Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram

Бишкекте, 20-мартта, Орозо айтка арналган майрамдык айт намазы өтөт. Өтүүчү жери — Т. Усубалиев атындагы Эски аянт, деп билдирет ДУМКнын маалыматында.

Ачык аянтта намаз өткөрүү чечими шаардыктардын өтүнүчү боюнча жана президенттин макулдугу менен кабыл алынган.

Бишкектеги айт намазынын иш-чараларынын расписаниеси:

07:00 – 07:30 – намаз окулушу;

07:30 – 07:40 – модератор Шукур ажы Исмаиловдун сөзү;

07:40 – 08:10 – Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Бакыт ажы Кайкиевдин диний насааттары;

08:10 – 08:30 – Азирети Муфтиянын Айт-намазды өткөрүү тартиби жана эрежелери боюнча сөзү;

08:20 – 08:30 – катарларды түзүү;

08:30 – 08:50 – майрамдык намаз жана дуа.

Башка аймактарда Айт-намаз мечиттерде өтөөрү белгиленет.

Мурда муфтият майрамдык Орозо айт намазы тек гана мечиттерде өткөрүлөрүн маалымдаган.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: