2025-жылы акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн жарандардын кайрылууларын талдоо жана сот отурумдарын мониторингдөө өлкөнүн сот системасында көптөгөн көйгөйлөрдү аныктады. Алардын негизгиси графиктердин сакталбашы болду: отурумдар көп учурда кечигип башталат, жылдырылат же токтотулат.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, ар бир экинчи отурум белгиленген убакыттан кийин башталат, ал эми 270 процессинин ичинен 112си (41,5%) токтотулган.2025-жылы институтка сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын коргоо боюнча 816 кайрылуу жана арыз келип түштү. Көпчүлүк учурда арыз ээлери чыгарылган сот чечимдерине макул эместиктерин билдиришти. Ошондой эле 57 кайрылуу сот органдарынын компетенциясына тиешелүү маселелерге, 56сы алименттик талаштарга, 35си судьялардын аракеттери же аракетсиздигине, дагы 19у сот чечимдерин аткарбоо жана сот аткаруучуларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду.
Мындан тышкары, жыл ичинде сот процесстерин мониторингдөө боюнча 572 кайрылуу катталды. Алардын ичинен 57,8% кылмыш иштерине, 32,9% жарандык иштерге жана 9,6% административдик иштерге тиешелүү болду. Жарандар көбүнчө процессуалдык кепилдиктерди жана ачыктык принциптерин сактоо үчүн сот отурумдарына көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү камсыз кылууну суранышат.
Көпчүлүк байкоолор (61,3%) биринчи инстанциядагы соттордо - райондук соттордо жүргүзүлдү.
Институттун маалыматы боюнча, отурумдардын үзгүлтүккө учурашынын негизги себептери судьялардын иш менен жүктөлүшү, залдардын жетишсиздиги жана процесс катышуучуларынын келбеши менен байланыштуу. Бул териштирүүлөрдүн узартылышына алып келет жана жарандардын убагында адилеттикке жетүү укугун чектейт.
Джамиля Джаманбаева Жогорку сотко аныкталган бузулууларды жоюу боюнча сунуштарды жөнөттү. Анын ичинде графиктердин сакталуусун күчөтүү, иштерди убагында карап чыгуу, жылдыруу себептерин эсепке алуу жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле бардык сот отурумдарынын залдарын аудио- жана видеотасма системалары менен жабдууну сунуштоодо.