
Анын курулушу үчүн 30 гектар жер бөлүнгөн.
Кыргызстандын борбору Бишкекте Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) жаңы кампусун куруу пландалууда. Бул тууралуу университеттин ректору Сергей Волков билдирди.
Проекттин алкагында 30 гектар жер бөлүнгөн жана учурда ал Россиянын Мамлекеттик Думасында ратификациялоо процессинен өтүүдө.
Кыргызстан тарап жер участкаларын расмий документтештирүү жана зарыл инженердик коммуникацияларды тартуу боюнча маселелерди чечиши керек. Курулуштун каржылануусу россиялык тарап тарабынан жүргүзүлөт.
Проект этап-этабы менен ишке ашырылат: биринчи этап 2026–2028-жылдарга пландалган, экинчи этап 2028–2030-жылдарга, үчүнчү этап 2030–2032-жылдарга.
сүрөт www