Келишимдин шарттарына ылайык, республикада жаңы кампус курулат, ал КРСУнун билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Проект 15 миң студентке чейин окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган жана окуу имараттарын, жатаканаларды, ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктура объектилерин курууну камтыйт.
Россия тарап курулуш иштеринин финансылык жана аткаруу милдетин өзүнө алат, анын ичинде долбоорлоо, жабдууларды жеткирүү жана жаңы объектилерди эксплуатацияга берүү.
Келишимге ылайык, Кыргыз Республикасы дагы бир нече негизги милдеттерди өзүнө алат, алардын арасында:
- кампусту куруу үчүн жер участогун берүү;
- сырткы инженердик тармактарга туташтырууну камсыздоо;
- бардык зарыл уруксаттарды жана макулдашууларды алуу боюнча жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү;
- курулуш иштерин уюштурууда жана инженердик инфраструктураны туташтырууда колдоо көрсөтүү;
- проектти ишке ашыруу үчүн жабдууларды жана материалдарды бажы оформлениесин камсыздоо.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы кампус үчүн 30 гектардан кем эмес жер участогун бөлүүгө милдеттенди.
Келишимдин тиркемесинде проект үчүн 27,82 гектар жер участогу Аламедин районунун Байтик айылдык аймагында бөлүнгөнү, ошондой эле кампусту куруу үчүн айыл чарба жерлеринен 2,15 гектардык кошумча участок берилгени көрсөтүлгөн.
Проектти ишке ашырууну көзөмөлдөө үчүн курулуш иштерин координациялоо, пайда болгон маселелерди чечүү жана келишимдин бардык шарттарын аткарууну контролдоо менен алектенүүчү эки тараптуу комиссия түзүлөт.
Курулуш аяктаган соң, кампустун бардык объектилери Кыргыз-Россия Славян университетинин карамагына өткөрүлөт.
Мыйзам долбоору ратификацияланган соң, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия тарапты келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички процедуралардын аяктаганы жөнүндө кабарлайт.