
Бишкекте жайгашкан чыгыш автовокзалы эми кайрадан муниципалитеттин балансында. Мурда бул жерди ОсОО «Союз водителей» компаниясы ар кандай маркадагы унааларды токтотуу үчүн колдонуп келген.
Мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, аймак шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөй колдонулуп келген.
Учурда мэрия участокту кайтаруу үчүн зарыл болгон иш-чараларды өткөрдү. ОсОО «Союз водителей» орнотулган объектилерди үч күндүн ичинде бузууга кепилдик берди.
Учурда аймак унаалардан бошотулуп, тосмолор алынып жатат.


Келечекте чыгыш автовокзалынын толук реконструкциясы пландалууда. Ал Кемин, Кант жана Токмокко багытталган такси жана маршруттук унаалар үчүн ылайыкташтырылат.
Келечектеги долбоордун алкагында аймак толугу менен асфальтталат, сырткы жарык берүү орнотулат, жол белгилери коюлат жана жолдун белгилери тартылат.