


Мындан тышкары, Жибек Жолу проспектинин (0-360-метр) участогунда жер иштери уланууда, ошондой эле электр өткөрүү жана байланыш линиялары которулууда.
Маанилүү маалымат, Лебединовка - ГЭС-5 унаа жолунун (0-360-метр) участогу 15-февралдан бери көпүрөнү кеңейтүү себептүү жабык. Ал 20-апрелде өтүү үчүн ачылат деп пландалууда.
Лебединовка - ГЭС-5 унаа жолунун узундугу 5,1 км. Реконструкция учурунда жолдун категориясы өзгөртүлүп, кыймыл жолактарынын саны 2ден 4кө чейин көбөйтүлөт. Мындан тышкары, долбоорго көчө жарыгы, чоң көпүрөнүн эки тарабында тротуарларды куруу жана жөө адамдар үчүн өзүнчө көпүрө куруу кирет. Иштер 2025-жылдын апрелинде башталат.