Депутаттар дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн төрт өлкө менен визаларды өз ара жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты

Марина Онегина Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Депутаттар дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды өз ара жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты

Мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Египет, Оман, Словения жана Бенилюкс менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды өз ара жокко чыгаруу боюнча макулдашууларды ратификациялоого байланыштуу мыйзам долбоорлорун талкуулашты.

Мыйзам долбоорлорун тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев сунуштады.

Ал бул макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен аталган өлкөлөрдүн дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспортторунун ээлери 90 күндөн ашпаган мөөнөттө, жарым жылдын ичинде кирүү, чыгуу жана транзит үчүн визадан бошотулары тууралуу маалымдады.

Талкуу учурунда депутаттар Тышкы иштер министрлигинин визалык режимди жеңилдетүү боюнча ишин улантуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту, бул процесске дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлеринен тышкары, жалпы жарандык паспорттордун ээлерин да кошууну сунушташты.

Талкуудан кийин депутаттар аталган мыйзам долбоорлорун кабыл алышты.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: