МЧСтин маалыматына ылайык, 12-марттан 15-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана бир нече авто жолдордо туруксуз аба ырайынын кесепетинен кар көчкү түшүү күтүлүүдө.
Эң кооптуу жол тилкелери:
- Бишкек - Ош: 121-138 км (Тоо-Ашуу ашуусу), 198-265 км (Чычкан капчыгайы, Ала-Бель ашуусу);
- Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу: 55-115 км;
- Ала-Бука - Каныш-Кыя: 45-112 км (Чапчыма ашуусу);
- Кызыл Гора - Акташ: 0–3 км;
- Бишкек - Нарын - Торугарт: 292-305 км (Долон ашуусу);
- Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад: 201-205 км, 260-290 км жана 326-349 км (Кок-Арт ашуусу);
- Каракол - Энильчек: 45-90 км (Чон-Ашуу ашуусу).