Документти иштеп чыгуу 2022-жылы бекитилген «Келечек булагы» туруктуу пенсиондук система стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоордун негизги максаты — пенсиондук фонддордун жана пенсиондук жыйнактар менен байланышкан инвестициялык процесстердин иштөө эрежелерин жаңылоо.
Долбоордо башкаруучу компаниялардын, депозитарийлердин жана пенсиондук фонддордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жаңы ченемдик актыларды бекитүү сунушталууда, ошондой эле пенсиондук каражаттарды инвестициялоонун эрежелери жана активдердин наркын эсептөө методикасы белгиленет.
Мындан тышкары, 2015-жылдан 2023-жылга чейин пенсиондук жыйнактарды инвестициялоого байланыштуу өкмөттүн токтомдорун жокко чыгаруу пландалууда.
Калкка сунушталган негизги демилгелердин бири — пенсиондук фонддордун каражаттарын инвестициялоого мүмкүн болгон финансылык инструменттерди кеңейтүү. Атап айтканда, төмөнкү чектөөлөр сунушталууда:
- активдердин 40% дан кем эмес мамлекеттик баалуу кагаздарга;
- 40% га чейин кыргызстандык эмитенттердин облигацияларына;
- 30% га чейин Кыргызстандагы компаниялардын акцияларына;
- 15% га чейин ипотекалык баалуу кагаздарга жана турак жай сертификаттарына;
- 30% га чейин финансылык мекемелердин депозиттерине;
- 10% га чейин кымбат металлдарга (алтын, күмүш, платина);
- 10% га чейин Улуттук банктын баалуу кагаздарына;
- 10% га чейин чет өлкөлөрдүн мамлекеттик кагаздарына инвестицияланган индекс фонддоруна.
Ошол эле учурда, пенсиондук жыйнактарды офшордук зоналарда катталган компаниялардын баалуу кагаздарына инвестициялоого тыюу салынат.
Мындан тышкары, долбоор пенсиондук каражаттарды инвестициялоонун стратегиясын, максаттарын жана багыттарын аныктаган инвестициялык декларацияны киргизет.
Ошондой эле, пенсиондук фонддордо инвестициялык жана финансылык тобокелдиктерди көзөмөлдөөчү тобокелдиктер боюнча комитеттерди түзүү сунушталууда.
Документте бул чаралардын пенсиондук системанын туруктуулугун жогорулатууга, салымчылардын каражаттарын коргоого жана өлкөдөгү финансылык рынокту өнүктүрүүгө багытталгандыгы белгиленет.
Иштеп чыгуучулардын маалыматы боюнча, токтомду ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт жана терс социалдык же экономикалык кесепеттерге алып келбейт.