
Бишкек шаардык соту ишти кайра караууга жиберип, мурдагы өкүмдү жокко чыгарды.
Бишкекте, шаардык сот Октябрь райондук сотунун мурдагы мэр Максат Нусувалиевдин иши боюнча чечимин жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра караууга жиберди.
Бул чечимдин натыйжасында Максат Нусувалиев жана иштин башка катышуучулары бошотулуп, аларга үй камагы түрүндөгү чара белгиленди.
Эске салсак, мурда Октябрь райондук соту Нусувалиевди коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөлүү деп таап, 13 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасын берген.
Нусувалиев 2023-жылдын майында Токмак шаарынын мэри болуп дайындалганга чейин Бишкек мэриясынын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси кызматын аркалаган.
сүрөт www