
Каржылоо кайтарымсыз грант түрүндө жүргүзүлөт
Ош шаарындагы суу камсыздоо системасын модернизациялоого 10 миллион доллар бөлөт Түштүк Корея. Бул маалымат шаардык мэрияда айтылды.
Жакында мэр Жанарбек Акаев кореялык K-water корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү, ал суу ресурстарын башкаруу менен алектенет.
Жолугушуунун жүрүшүндө суу камсыздоону башкаруунун интеллектуалдык системаларын киргизүүгө жана шаарды таза суу менен камсыздоого багытталган долбоордун деталдары талкууланды. Гранттык каражаттар «Озгур» тазалоо станциясын модернизациялоого жана шаардык инфраструктураны санариптик жана «акылдуу» технологияларга өткөрүүгө жумшалат.
Сүрөт www