
Жазуу WhatsApp аркылуу мамлекет башчысынын номерине жөнөтүлгөн
Социалдык тармактарда Даниэл Ажиевдин энесинин президентке жеке номер аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгү боюнча пайда болгон суроолорго жана комментарийлерге жооп катары, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов кайрылуунун видеосун жана билдирүү жөнөтүлгөн номердин скриншотун жарыялады.
«Январь айынын башында Даниэл Ажиевдин энеси уулу үчүн президент Садыр Жапаровго кечирим сурап кайрылды», - деп белгиледи Алагозов.