
Макулдашуу чет элдик инвестицияларды өлкөгө тартуу үчүн укуктук негиз түзүүгө багытталган.
Бүгүн Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар «Кыргызстандын жана Италиянын инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап, үчүнчү окууда жактырышты. Макулдашуу 2025-жылдын 30-майында Астанада кол коюлган.
Макулдашуунун негизги максаты Кыргызстанга түз чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүүчү укуктук базаны түзүү болуп саналат.
Мындан тышкары, эл өкүлдөрү 2025-жылдын 28-июлунда Москвада кол коюлган «Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун да карашты, ал дагы үчүнчү окуудан өттү.
Бул өзгөртүүлөр мыйзамдарды колдонуу процессинде аныкталган кемчиликтерди жоюуга жана аныктамаларды тактоого багытталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен депутаттар эки мыйзам долбоорун колдошту.