
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Ал келишим 2025-жылдын 30-майында Астанада кол коюлган.
Бул мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп Президенттин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов чыгып, келишимдин негизги максаты чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн укуктук базаны түзүү экенин, бул инвесторлордун укуктарын коргоо менен алардын иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, капитал салуулар менен байланышкан коркунучтарды минималдаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Талкуу учурунда депутат Медина Кайрылбекова Кыргыз Республикасында иш алып барган инвесторлор үчүн укуктук кепилдиктердин зарылдыгына көңүл бурду.
Комитет ошондой эле 2025-жылдын 28-июлунда Москвада кол коюлган «Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды. Маалыматты экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов сунуштап, Протокол 33 өзгөртүүнү камтыганын, алар укук колдонуу практикасы учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюуга жана Союз келишиминде колдонулган аныктамаларды тактоого багытталганын белгиледи. Ал ошондой эле документ Евразия экономикалык комиссиясына ички рыноктогу тоскоолдуктарды квалификациялоо жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча методологияны бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берет деп кошумчалады.
Мындан тышкары, «Устун жана инклюзивдүү өсүүнүн биринчи программасы» боюнча ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонду менен 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкекте кол коюлган Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө, ошондой эле «Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонду ортосундагы Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.