
Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар «Единое здоровье» долбоору боюнча финансылык келишимди жана гранттык келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул келишим Кыргызстандын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы/Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосунда түзүлгөн.
Документ калктын, жаныбарлардын ден соолугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.
Долбоордун негизги аспекттери зооноздук инфекциялар менен күрөшүү, антимикробдук заттарга туруктуулукту алдын алуу жана азык-түлүктүн коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
Келишимдерге ылайык, «Единое здоровье» программасынын «1-фазасын» ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 30 миллион доллар кредит катары жана 1,79 миллион доллар грант катары бөлүнөт.
Кредит 50 жылдык мөөнөт менен, он жылдык жеңилдик мезгили жана нөл пайыздык чен менен берилет.