Аты-жөндөр өзгөртүлгөн.
Тергөө маалыматтарына ылайык, Осмон 2023 жана 2024-жылдары ЕАЭС өлкөлөрүнөн "Чон-Капка" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу курулуш материалдарын, ошондой эле элдик керектөө товарларын жана жашылчаларды импорттоо менен алектенген.
Иш материалдарында ал "салык төлөөдөн качуу үчүн туруктуу схеманы" түзгөндүгү, цемент, мебель, карбыз, диня жана курулуш материалдары сыяктуу товарлардын көлөмүн жана баасын төмөндөтүп көрсөткөндүгү белгиленет. 2023-жылы импорттолгон товарлардын көлөмү 1 миллион 448 миң 660 сомду, ал эми 2024-жылы 17 миллион 274 миң 231 сомду түзгөн. Мындан тышкары, 1 миллион 498 миң 270 сомдук товар запастары калган.
"Бул факт товарларга эсеп-фактуралар, накладные жана алардын келип чыгышын тастыктаган башка документтер жок экенин көрсөтүп турат, бул болсо салык эсеп-кысаптарын атайылап бурмалоо жана салык төлөөдөн качуу фактыларын билдирет", - деп белгиленет иш материалдарында.
- Талас шаардык сотунун чечими менен Осмон Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгү "Салыкты жана (же) бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу" боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошондой эле Талас облусунун ГНС башкармалыгынын пайдасына 4 миллион 572 миң 961 сомдук салык карызы өндүрүлдү.
- Талас облустук сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: nn.dk.ru.