Бишкекте сумо боюнча шаардык кубок өткөрүлдү

Арестова Татьяна Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте өткөн Сумо боюнча шаар кубогу

Сорунга 200дөн ашык катышуучу чогулду


Бишкек шаарындагы Сумо боюнча шаар кубогунун салтанаттуу ачылышы 1-мартта Ратбек Санатбаев атындагы Специализацияланган балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өттү, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Турнирге Бишкек, Чүй облусу, Сокулук району жана Ысык-Көл облусунан, ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышууда.

Сорун үч жаштык топто өтүүдө: 12 жашка чейин, 18 жашка чейин жаштар жана 18 жаштан жогорку чоңдор.

Эң кичинекей катышуучуларга — беш жашар кыздарга да өзгөчө көңүл бурулду.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: