Кубок Азия: Кыргызстан командасы биринчи турундарда кандай ойноду? Жыйынтыктар
Турнир Сауд Аравиясында өтүп, биринчи оюнда кыргызстандыктар турнирдин ээлери менен беттешет. Оюн Жидда шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
Бул Кыргызстандын курама командасы үчүн Азия Кубогундагы алтынычы финалдык этап болуп саналат.
Команда биринчи жолу 2006-жылы 20 жашка чейинки оюнчулар үчүн Азия Кубогунун негизги этабына өтүп, Индия менен биринчи оюнунда 1:1 эсепте тең чыгышкан, ал оюнда жалгыз голду Ильдар Амиров киргизген.
Азия Кубогу (U-20), 2006 жыл
1-тур, 29-октябрь
Индия - Кыргызстан — 1:1
Гол: Ильдар Амиров
Кийинки финалдык этабына команда 10 жылдан кийин гана өтө алды. 2016-жылы Самат Суймалиевдин жетекчилигиндеги команда (U-16) Индиядагы турнирге катышты. Биринчи оюнда кыргызстандыктар Австралияны 1:0 эсебинде жеңишке жетишти, жеңүүчү голду Адилет Каныбеков пенальтиден киргизди.
Азия Кубогу (U-16), 2016 жыл
1-тур, 16-сентябрь
Австралия - Кыргызстан — 0:1
Гол: Адилет Каныбеков пенальтиден
Азия Кубогу, 2019 жыл
1-тур, 7-январь
Кытай - Кыргызстан — 2:1
Гол: Ахлитдин Исраилов
2023-жылы Максима Лисициндин жетекчилигиндеги команда (U-20) кайрадан финалдык этабына чыкты, бирок биринчи турда Сауд Аравиясына 0:1 эсебинде жеңилди.
Азия Кубогу (U-20), 2023 жыл
1-тур, 3-март
Сауд Аравиясы - Кыргызстан — 1:0
2024-жылы Катардагы Азия Кубогунда Штефан Тарковичтин жетекчилигиндеги команда да биринчи оюнунда Таиландга 0:2 эсебинде жеңилип баштады.
Азия Кубогу, 2024 жыл
1-тур, 17-январь
Таиланд - Кыргызстан — 2:0
2025-жылы команда (U-20) кайрадан Азия Кубогуна чыкты, бирок биринчи турда Австралияга 1:5 эсебинде жеңилип калды. Жалгыз гол Бекназ Алмазбековдун эсебинде.
Азия Кубогу (U-20), 2025 жыл
1-тур, 12-февраль
Австралия - Кыргызстан — 5:1
Гол: Бекназ Алмазбеков
Окшош материалдар:
