Балыкчыда ишкерлерге салык мораторийинин иштөө тартиби түшүндүрүлдү
Иш-чарага шаардагы кичи жана орто бизнес субъекттеринин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги максаты ишкерлерди 2026-жылдын 28-январындагы КР президентинин №18 Жарлыгынын мазмуну менен тааныштырууу жана анын талаптарын аткарууну камсыздоо болду. Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартипте ишкердик субъекттерине карата пландан тышкаркы салык текшерүүлөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу (мораторий) киргизилген.
Иш-чаранын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын прокурору Жарлыктын максаттары, негизги талаптары жана ишкерлер үчүн пайдасы тууралуу кеңири айтып берди. Ал мораторий ишкерлердин укуктарын коргоо жана алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды азайтуу үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү.
Мындан тышкары, Балыкчы шаарынын прокурорунун улук жардамчысы түшүнүктүү мисалдар менен Жарлыкта каралган эрежелерди аткаруу тартибин, укуктук механизмдерди, ошондой эле ишкерлерге маанилүү болгон кадамдарды түшүндүрдү.
Ошондой эле мораторийдин күчүндө турган учурда салык текшерүүлөрүнүн мөөнөттөрү, план түзүү, ишкерлерди колдоо механизмдери боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.
Жолугушуунун учурунда бизнес коомчулугунун көптөгөн өкүлдөрү аларды кызыктырган суроолорду беришти жана тиешелүү жоопторду алышты. Айрыкча, мораторий учурунда кандай текшерүүлөр өткөрүлө турганы, салык органдарында өз ара аракеттенүү жана эсепке алуу, ошондой эле ишкерлердин укуктары кандайча корголору тууралуу суроолор көтөрүлдү.
Дагы окуңуз:
Неге соодагерлер QR-төлөмдөрдөн коркушат? - ГНСтин орун басары менен интервью
Социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында базарларда соода кылуучулардын накталай...