«Менин үйүм» программасы боюнча эң көп арыздар «Арзан ипотека» үчүн документтерди тапшырган жарандардан түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын сатуу башкармалыгынын начальниги Кылычбек Келдибеков Биринчи радиодо билдирген.
2025-жылдын 29-августунда жаңыртылган маалыматтар боюнча, компаниянын сайтында «Арзан ипотека» үчүн кезекте 35 459 адам катталган.
«“Арзан ипотека” боюнча кезек күтүп жаткан адамдардын арасында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин саны көп. Квартирлерди бөлүштүрүүдө пайыздык катышым колдонулат: үч багыт боюнча жалпы жарандардын саны 100 пайыз катары эсептелет. “Арзан ипотека” үчүн кезекте турган адамдардын санына жараша тиешелүү пайыз бөлүнөт. “Жеткиликтүү ипотека” жана “Социалдык ипотека” үчүн да ушундай эле бөлүштүрүү жүргүзүлөт, баланс сакталсын үчүн», — деди ал.
2025-жылдын 29-августундагы актуалдуу маалыматтар боюнча, башка багыттар боюнча күтүп жаткан жарандардын саны:
- «Социалдык ипотека» — 6 251 адам;
- «Жеткиликтүү ипотека» — 14 112 адам.