Чүй облусунда мыйзамсыз курал менен эки браконьер кармалды

Ирина Орлонская Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Чүй облусунда мыйзамсыз курал менен эки браконьер кармалды
2025-жылдын 29-октябры күнү, Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «Калининское межрайонное общество охотников и рыболовов» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрүү учурунда браконьерлик менен алектенген эки адам кармалды. Алардан мыйзамдуу уруксат кагаздары жок ок атуучу курал табылганы тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Табылган курал боюнча текшерүү жүргүзүлүп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Эксперт алынган карабиндердин ок атуучу курал экенин, тактап айтканда, «ТОЗ-16» жана «ТОЗ-8» бир заряддуу аңчылык карабиндери экенин тастыктады.

2-февралда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 267-беренеси (мыйзамсыз курал жана ок-дарыларды жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.

16-февралда шектүүлөр, 1988-жылы туулган М.М. жана К.Р. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: