
Маалыматка караганда, мейман С.Е. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2026-жылдын 30-январында, таңкы 5те клубдун күзөтчүлөрү тарабынан денесине жаракат алганын билдирген.
ГУВДнын сүрөтү
Бул окуянын натыйжасында Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгы тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 280-беренеси (хулигандык) боюнча кылмыш ишин козгоду. Жабырлануучуга алган жаракаттарын баалоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
«Бандит» аттуу оперативдүү-профилактикалык иш-чара учурунда шектүүлөр — 2005-жылы туулган Т.О. жана 2006-жылы туулган Ж.Р. кармалды. Алар тергөө кызматына жеткирилди жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ГУВДсынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Иш боюнча тергөө иштери уланууда.