Президент тиешелүү көрсөтмө өткөн жылы өкмөткө берилгенин белгиледи.
“Өткөн жылы февралда мен премьер-министрди жана министрлерди чогултуп, маанилүү долбоорду баштадым. Мен ар бир региондо студенттик жатаканаларды курууну жана 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап бюджеттик квоталар боюнча окуп жаткан студенттерди ротациялоону тапшырдым”, - деди ал.
Учурда Кыргызстанда студенттер үчүн 10 миң бюджеттик орун бөлүнгөн, анын 5 миңи түштөн келген талапкерлерге, ал эми 5 миңи түндөн келген талапкерлерге арналган.
“Түндөн келген студенттер түштө, ал эми түштөн келген студенттер түндө окушат. Ошондуктан мен жети региондо жатаканаларды куруп жатам”, - деп кошумчалады президент.Анткен менен, быйыл пландын ишке ашпай калганын жана келерки жылдын сентябрына жылдырылганын Жапаров жыйынтыктады.