
Иш-чаранын жүрүшүндө «жашыл мектептер» регионалдык платформасынын концепциясы талкууланды, ал «Балдар, жаштар жана климат» аталышындагы жогорку деңгээлдеги тегерек столдо бекитилиши пландалууда. Катышуучулар ошондой эле региондогу экологиялык чакырыктарды эске алуу менен климаттык өзгөрүүлөргө туруштук бере турган билим берүү системаларын түзүү маселелерин карашты.
Надира Жусупбекова Кыргызстандагы экологиялык билим берүү процессин жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Ал өлкөдө мектеп инфраструктурасынын ресурстарды үнөмдөө, коопсуздукту жакшыртуу жана климатка туруктуулукту жогорулатуу боюнча демилгелер ишке ашырылып жатканын, ошондой эле экологиялык темаларды окуу программаларына интеграциялоо жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Министрдин орун басары Кыргызстанда климатка туруктуу 120дан ашык мектеп иштеп жатканын, энергияны үнөмдөө боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын, курулуш нормалары жаңыланып жатканын жана «жашыл мектептер» үчүн стандарттар иштелип жатканын билдирди.