Ушул сунуштун негизинде, чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүнө ээ болгон Кыргызстандын жарандары транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо органдарында милдеттүү каттоодон өтүшү керек.
«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрү менен өлкө аймагында транспорт каражаттарын башкарууга тыюу салат, эгерде алар белгиленген мөөнөттө катталбаса.
Министрлер кабинети каттоо тартибин жана мөөнөттөрүн аныктайт.
Мындан тышкары, укук бузуулар кодексине 184-1-беренени киргизүү сунушталууда, анда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрүн убагында каттамагандыгы үчүн төмөнкү айыппулдар каралган:
- жеке ишкерлер үчүн — 3 миң сом;
- юридикалык жактар үчүн — 13 миң сом.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери бул өзгөртүүлөр айдоочулук курамынын эсепке алынышын жеңилдетүүгө жана жолдордо коопсуздукту контролдоону жогорулатууга багытталганын белгилешет.