
«Притон» аттуу рейд өткөрүлдү
Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, текшерүү учурунда Бишкектин Майаковский көчөсүндө бир нече жеке үйлөр жана батирлер мини-мейманканалар катары күнүмдүк негизде кызмат көрсөтүп жаткандыгы аныкталган.
Рейдге Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Свердлов районунун жергиликтүү администрациясынын өкүлдөрү жана салык кызматынын кызматкерлери катышты.
«Иш-чаранын жүрүшүндө мини-мейманканалардын администраторлоруна жана жеке ишкерлерге коомдогу руханий бааларды бекемдөөгө байланыштуу президенттин жарлыгынын талаптары түшүндүрүлдү. Ошондой эле жезөкчүлүктү алдын алуу жана жарандарды бул иш-аракетке тартпоо боюнча профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.
Пресс-кызматтын сүрөтү