Милиция Бишкектин борборунда күнүмдүк ижарага берилген батирлерди текшерди
Операциянын алкагында милиция кызматкерлери мэриянын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте мейманкананын администрациясы жана жеке ишкер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Сүйлөшүү учурунда аларга президенттин моралдык баалуулуктарды сактоо боюнча жарлыгын сактоонун маанилүүлүгү эскертилип, жезөкшөлүккө жана ага тартууга жол бербөө боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Милицияда белгиленген эрежелерди бузуу жана жезөкшөлүк менен алектенүүгө шарт түзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 160-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын баса белгилешти.
Рейддин жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар жыйналды жана учурда мыйзамга ылайык кийинки аракеттер жөнүндө маселе каралууда.
Мындан тышкары, аталган даректе коомдук тартипти камсыздоо үчүн милиция посттору уюштурулду. Бул багытта профилактикалык иш алып баруу улантылат.