Отмок ашуусунда жүк ташуучу транспорттун кыймылына чектөөлөр алынып салынды

Владислав Вислоцкий Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
13:00дөн баштап Суусамыр — Талас — Тараз автожолунда жайгашкан Отмок ашуусунда жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азыркы учурда транспорттун кыймылы нормалдуу режимде жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо жана инерттик материалдарды төшөө иштерин ДЭП № 36 жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн күнү аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу бул ашууда жүк ташуучу транспорт үчүн чектөөлөр киргизилген.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: