
Мэрдин тапшырмасына ылайык, муниципалдык мүлктү коргоо, финансылык тобокелдиктерди азайтуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында, борбордун бардык социалдык мекемелери "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" акционердик коомунда камсыздандырылды, алардын арасында "Үмүт үйү" да бар.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын сүрөтү.
Бишкекте 2025-жылга карата 65 989 турак жай жана 49 308 транспорт каражаты, анын ичинде 2 337 муниципалдык транспорт каражаты камсыздандырылганын белгилеп өтүү керек. Мындан тышкары, 587 муниципалдык объект толук камсыздандыруу менен камсыздалган.
Эскерте кетсек, 6-январда аталган мекеменин паллиативдик бөлүмүндө өрт чыгып, натыйжада эки адам каза болгон. 2023-жылдын апрель айынан тартып "Үмүт үйү" ССУ Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин карамагында болуп, 18 жаштан жогорку карыяларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтөт.