
30-январда Жер үстүндөгү жана суу транспортунун департаменти, Чүй-Бишкек облустук башкармалыгы менен биргеликте Бишкек-Токмок маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча текшерүү жүргүздү.
Минтранс маалымдагандай, социалдык тармактарда жарандардан Бишкек-Токмок маршруту боюнча 19:00дөн кийин микроавтобустардын жоктугу боюнча арыздар келип түшкөн. Натыйжада, жүргүнчүлөр такси кызматтарына кайрылууга мажбур болушууда. Мониторинг жума күндөрү жана жекшемби күндөрү Бишкектен Токмокко жөнөгөн жүргүнчүлөрдүн саны орточо көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору экенин көрсөттү.
Бул маселени чечүү үчүн 2-февралда №350 жана №353 маршруттук линияларды тейлеген компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Талкуу учурунда дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн агымынын өсүшү байкалгандыгы, бирок 20:00дөн кийин каалоочулардын санынын азайышы айдоочулардын чыгымдарын жабууну кыйындатары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча рейстердин санын көбөйтүү жана жүргүнчүлөрдү туруктуу ташууну камсыздоо зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Эгер зарыл болсо, белгиленген расписаниедан тышкары резервдик микроавтобустар кошумча тартылып, жалпы рейстердин саны көбөйтүлөт.