Бишкек — Токмок маршруту боюнча автобус байланыш күчөтүлдү
Маалымат кызматында белгиленгендей, социалдык тармактарда жарандардан 19:00дөн кийин микроавтобустар жоктугу боюнча арыздар пайда болду. Натыйжада жүргүнчүлөр такси кызматтарына кайрылууга мажбур болушту. Мониторинг жүргүзүү учурунда жума күндөрү жана жекшембиде борбордон Токмокко жетүүнү каалагандардын саны айтарлык жогорулаары аныкталды.
2-февралда өткөн жыйында № 350 жана 353 маршруттарын тейлеген компаниялардын өкүлдөрү дем алыш күндөрүндөгү жүргүнчү агымын көбөйтүү маселесин талкуулашты. Бирок 20:00дөн кийин жүргүнчүлөрдүн саны кескин төмөндөп, айдоочулар үчүн чыгымдарды жабуу кыйынчылыгын жаратууда.
Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо үчүн рейстердин санын көбөйтүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Эгер зарылчылык болсо, кошумча резервдик микроавтобустар бөлүнүп, белгиленген расписаниеден тышкары иштейт, ошондой эле жалпы рейстердин саны көбөйтүлөт.