Манас шаарында муниципалдык эвакуаторлор жана айып токтотуучу жай иштей баштады: Эвакуациянын баасы канча болот?
Эвакуаторлор Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин балансында болуп, 30-январдан баштап ишин баштады.
Мэр Эрнисбек Ормоков жеринде муниципалдык эвакуаторлордун иши менен таанышып, алардын ишин уюштурууда мыйзам талаптарын катуу сактоонун зарылдыгын белгиледи.
Ал муниципалдык айып токтотоочу жайдын ишке кириши шаардагы жол тартибин жакшыртууга жана токтотуу эрежелерин сактоого багытталганын, ал эми түшкөн каражаттар шаардык бюджетти толуктоого жумшаларын айтты.
«Туура эмес токтотулган унаалар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте айып токтотоочу жайга жеткирилет. Эвакуациянын наркы 1600 сомду түзөт. Айып токтотоочу жайда унааны сактоо үчүн бир саатка 21 сом төлөнөт.
Муниципалдык айып токтотоочу жайды уюштуруу үчүн 30 соток жер бөлүнгөн. Мурда бул маселе шаардык кенештин сессиясында каралган. Эвакуаторлор лизингге алынганы жана айып токтотоочу жайды уюштурууга депутаттардын макулдугу алынганы маалымдалган», - деп айтылат маалыматта.
Дагы окуңуз:
Минстрой Түндүк Кара-Балтадагы жол тилкесин көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыкты
Кыргызстан Республикасынын Строительство министрлигине караштуу Жайыл райондук архитектура жана...
Без изображения
Жылдын жыйынтыктары Tazabekтен. 2024-жылы Кыргызстандагы 30 миңден ашык ишканалар дээрлик 800 млрд сом табыш тапты
- 2024-жылы 30 миңден ашык ишканалар жана уюмдар реалдуу экономика секторунда иштеп жатты. Жылдын...
КРнын кабмин мүчөлөрү 2024-жылы канча киреше тапты
Ар бир жыл Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылдагы мамлекеттик...