Аба сапатын жакшыртуу боюнча долбоорду Бишкек шаардык мэриясында Дүйнөлүк банк менен талкуулашты
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, талкуу «Аба сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында бир катар инициативаларды камтыды. Темалардын арасында «Жашыл белдем» концепциясы, ошондой эле турак үйлөрдө жылуулук насосторун киргизүүнүн пилоттук долбоору жана экологияны коргоо боюнча башка чаралар болду.
Мындан тышкары, мэрия экотехнологиялык заводдун курулушу жана «Бишкектеплоэлектроцентраль», «Бишкектеплосеть» жана «Бишкектеплоэнерго» сыяктуу муниципалдык ишканаларды модернизациялоо боюнча учурдагы инициативаларды сунуштады. Ошондой эле Аламудун жана Ала-Арча дарыяларынын жээгин тазалоо боюнча иштер жана муниципалдык инспекциянын иши талкууланды.
«Биздин кызматташтыгыбыз аба сапатын жакшыртуу жагынан гана эмес, Бишкектин экологиялык туруктуу жана жашыл шаар катары имиджин түзүүгө да оң натыйжа берет деп үмүттөнөм», — деди мэр Айбек Джунушалиев.
Мэрия ошондой эле борборду жашылдандыруу үчүн 50 миң көчөт келип түшкөнүн билдирди.
Дагы окуңуз:
Жашыл белдемче Бишкек. Башкалааны жашылдандыруу үчүн 50 миң көчөт келди
Бишкек шаардык мэриясында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Европа жана Борбордук Азиядагы...