Министрлик мамлекеттик лабораториялардын ишин оптималдаштырууну көздөп жатат
Депутаттардын мамлекеттик лабораториялардын калк үчүн жеткиликтүүлүгү боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Маткеримов бул багытта иш жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
«Биз ири шаарларда жана облустук борборлордо мамлекеттик лабораторияларды курууну баштоону пландап жатабыз. Биздин максат — жеке клиникаларга атаандаштык түзүү, бул жарандар үчүн кызматтарды жеткиликтүү жана арзан кылууга мүмкүндүк берет. Учурда айрым мамлекеттик мекемелерде кымбат баалуу жабдуулар орнотулган, бирок алар жетиштүү деңгээлде колдонулбай жатат. Мындан тышкары, бул жабдууларды тейлөө чоң чыгымдарды талап кылат жана жерлерде адистердин жетишсиздиги байкалууда», — деди ал.
Ошентип, шаарларда борборлоштурулган мамлекеттик лабораторияларды түзүү пландаштырылууда. Жарандар үчүн камсыздандырылган кызматтар акысыз берилет, ал эми камсыздандырылбаган жарандар үчүн жеке клиникаларга салыштырмалуу төмөнкү бааларда кызмат көрсөтүлөт», — деп кошумчалады саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Токаев: Казакстан жаңы модернизация этапына кирди
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...
Без изображения
Мамлекеттик фонд түзүү чет өлкөдөгү дарылоо үчүн төлөмдөрдү төлөө. Бул тууралуу эксперттердин пикири кандай?
Депутат Нилуфар Алимжанова ден соо сактоо министрлигинин алдында балдарга жардам берүү фондун түзүү...