Бул жаңы документ шаарды куруу структурасын, функционалдык зона бөлүштүрүүнү, турак жай фондунун жана транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүн, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана маданий мурастарды сактоо боюнча чараларды аныктайт.
Генпланды иштеп чыгуу заманбап демографиялык жана социалдык-экономикалык тенденцияларды эске алат. Болжолдорго ылайык, 2025-жылдын башында борбордун калкы 1,3 миллион адамды түзөт, ал эми 2050-жылы бул көрсөткүч дээрлик 2 миллионго жетет. Административдик реформа натыйжасында шаарга жаңы калктуу конуштар киргизилип, анын аянты 41 миң гектарга чейин кеңейди.
Сунушталган генплан ар бир райондо жаңы коомдук-ишкердик борборлор менен полицентрдик структураны түзүүнү, ошондой эле административдик, медициналык жана билим берүү борборлору, ошондой эле спорттук жана рекреациялык зоналар сыяктуу атайын мекемелерди камтыйт.
Бишкек агломерациясына өзгөчө көңүл бурулат, анын калкы 2,5 миллион адамга жетиши мүмкүн. Генплан агломерациянын биринчи жана экинчи даражадагы борборлор системасын түзүүнү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүнү жана жумушчу орундарын агломерациянын борбордук бөлүгүнөн тышкары бөлүштүрүүнү сунуштайт.
Экономикалык өнүгүү боюнча генплан төмөнкү болжолдорду камтыйт:
- жумушчу күчүн 1 179,1 миң адамга жеткирүү;
- иш менен камсыз болгон адамдардын санын 593,9 миңден 943,3 миңге чейин өсүү;
- ар кандай тармактарда, анын ичинде өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарында 349,4 миң жаңы жумушчу орундарын түзүү.
Транспорттук тармак
Генплан ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү камтыйт, анын ичинде:- "Манас" аэропортун реконструкциялоо;
- шаарды айланып өтүүчү авто жолун куруу;
- курулган аймактарды айланып өтүүчү темир жол магистралын түзүү;
- көшөлөр тармагын жана транспорттук өткөрмө түйүндөрдү өнүктүрүү;
- жарандык жүргүнчү транспортун артыкчылык менен өнүктүрүү.
- шаар ичиндеги темир жол каттамы "Түндүк - Борбор - Түштүк";
- жеңил рельс транспорту (трамвай);
- метробустар (BRT).
Экология боюнча, генпланда шаарга интеграцияланган жашыл зоналарды, суу объектилерин жана экологиялык коридорлорду камтыган табигый-экологиялык каркас түзүү каралган.
Бул жерде негизги роль дарыяларга жана ирригациялык каналдарга берилет, алардын өнүгүүсү микроклиматты жакшыртууга жана борбордун рекреациялык тартымдылыгын жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле генплан жашыл зоналарды коргоо жана жакшыртуу боюнча чараларды камтыйт, алар экологиялык ядролор жана буфердик зоналардын функцияларын аткарат.
Акырында, план өнөр жай жана транспорт зоналарын экологиялык реорганизациялоону, анын ичинде көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү камтыйт, бул айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууга багытталган.