ИЗО музейинде дүйнөлүк живопись боюнча жаңы арт-сессиялар циклы «Үмүт искусствосу» башталат

Ирина Орлонская Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
25-январдан баштап Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде «Үмүт искусствосу» аталышындагы дүйнөлүк живопиське арналган жаңы арт-сессиялар циклы башталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Циклдын негизги идеясы живописьти жеке адамды, анын кадыр-баркын жана ички таянычын колдоо каражаты катары изилдөө. Бул долбоор туруктуулук, эмпатия, кабыл алуу жана үмүт темаларына көңүл бурат. Сүрөтчүлөр өз иштеринде кризистерди гана чагылдырбастан, адамдарга өз баалуулугун түшүнүүгө, күнүмдүк турмуштан кооздукту табууга жана дүйнөнү кабыл алуунун жаңы бурчтарын сунуштоого жардам беришкен, кыйын кырдаалдардан чыгуу жолдорун көркөм изилдешкен.

Биринчи арт-сессия «Творчество жана айыктыруу» темасына арналат. Иш-чаранын жүрүшүндө мексикалык сүрөтчү Фрида Калоонун жашоосу жана чыгармачылыгы негизинде, живопись кандайча күч булагы болуп, адамды оор сыноолор жана оорулар учурунда колдоого ала тургандыгы талкууланат. 

Арт-сессиянын алкагында мини-лекциялар, интерактивдүү элементтер жана талкуулар пландалган.

Сессияны искусствовед жана КНМИИнин жаш илим кызматкери Наргиз Сатаева өткөрөт. Арт-сессиялар кыргыз тилинде 20 адамга чейин болгон топтор үчүн, алдын ала жазылып, өткөрүлөт. Ар бир сессиянын узактыгы 1,5 саатты түзөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: