
Текшерүү учурунда аталган жылдарда мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болгон бир нече участоктор мыйзамсыз түрдө жеке колго өткөрүлгөнү белгилүү болду. Атап айтканда, төмөнкү участоктор тууралуу сөз болуп жатат:
• М. Рыскулов атындагы музыкалык-драмалык театрына таандык 1 500 квадрат метр аянт;
• С. Орозбак көчөсүндөгү мука сатуучу базар аймагында жайгашкан 3 948 квадрат метр аянт;
• Ат-Башы көчөсүндөгү 495 квадрат метр аянт.
Ошентип, мыйзамсыз түрдө алынган жерлердин жалпы аянты 5 943 квадрат метрди түздү, ал эми алардын базар баасы 185 миллион 920 миң сомго бааланган.
Прокуратуранын көрсөтмөсү боюнча, бул участоктордун бардыгы мамлекеттин менчигине кайтарылды.