Сунушталган документке ылайык, алкогольдук продукцияны сатуу саат 23:00дөн 08:00гө чейин чектелет, төмөнкү учурларды эске албаганда:
- алкогольду коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүчү уюмдар, фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер тарабынан сатуу;
- жеке ишкерлер тарабынан коомдук тамактануу кызматтарынын алкагында сыра, сидр, пуар жана медовуха сатуу;
- Кыргызстанды таштап жаткан жеке адамдар үчүн бажысыз соода дүкөндөрүндө алкогольдук продукцияны сатуу.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору борбордук аянттарда, парктарда, бакчаларда, скверлерде жана эс алуу зоналарында, ошондой эле алардын чегинен 100 метр аралыкта алкогольдик жана аз алкогольдүү энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салат.