"Вирустар өтө тез жугат". Дарыгер Кыргызстандагы грипп жана ОРВИ өсүшү тууралуу
Ал суук мезгилдин келиши жана жаңы жылдык майрамдардан кийин оорулуулардын санынын көбөйүшү байкалганын айтты. "Эгерде өтө зарылчылык жок болсо, көп адамдардын жыйналган жерлерине баруудан качууну сунуштайбыз, анткени вирусар аба аркылуу өтө тез жана оңой таралат. Ооруган адам менен бир бөлмөдө болуу жетиштүү, инфекцияны жугузуп алууга", - деп түшүндүрдү Асланова.
Эгерде коомдук жерлерге чыгуу зарыл болсо, дарыгер маска колдонууга кеңеш берет. Ошол эле учурда, масканы ар бир эки-үч саат сайын алмаштырып, андан кийин колдорду жуу маанилүү; маска жүзгө тыгыз жабышып турушу керек.
Асланова ошондой эле ата-энелерге балдарды жеке гигиенанын негизги эрежелерине, анын ичинде көчөдө сейилдеп келгенден кийин кол жууга үйрөтүүнү сунуштады. Анын айтымында, кийимдерди аба ырайына жараша кийүү керек.
Мындан тышкары, ал жайларды үзгүлтүксүз желдетүүнүн, нымдуу тазалоонун, тең салмактуу тамактануунун жана физикалык активдүүлүктүн вирус ооруларынын тобокелдигин азайтуудагы маанилүүлүгүн эске салды.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: newsroom.osfhealthcare.org.