Бишкекте "Арча-Бешикте" жоголгон 14 жаштагы Арсен Акылбековду издешет

Жоголгондугу тууралуу маалымат Ленин районунун УВДсынын автоматташтырылган маалымат системасына катталган.
Издөөдө болгон баланын өзгөчөлүктөрү: бойу болжол менен 175 см, орто дене түзүлүшү, узун чачы бар.
Арсен жоголгон учурда кара Kappa куртка, сары Nike спорттук штан, жана кара Puma кроссовка кийип жүргөн. Ошондой эле, анын үстүндө сары спорттук кийим жана "Келме" жазуусу бар көк шапка болгон. Мындан тышкары, өспүрүмдүн колунда кара велосипед болгон.
Окшош материалдар:
