Кызмат санитардык нормаларга жана эрежелерге так ылайык болууга, ошондой эле өндүрүштүк контролду киргизүүгө чакырат. Мындай жайларда иштөө үчүн медициналык текшерүүдөн өткөн кызматкерлер гана кабыл алынат.
Жарандарга азыктарды лицензияланган коомдук тамактануу жайларынан сатып алууга, санитардык шарттарды эске алууга кеңеш берилет. Тамактан уулануунун алгачкы белгилери пайда болгондо дароо медициналык жардамга кайрылуу маанилүү.
«Тамактан уулануунун алдын алуу дарыланууга караганда кыйла оңой. Жылдам тамактануу жайларында санитардык нормаларды сактоо жана жарандардын азык-түлүктү аң-сезимдүү тандоосу массалык уулануунун алдын алууда негизги роль ойнойт», — деп баса белгилешет ДГСЭНдин адистери.
Тамактан уулануу — бул кооптуу микроорганизмдерди же токсиндерди камтыган тамактарды колдонуу менен пайда болгон курч ооруу, ошондой эле микробдук эмес келип чыккан токсикалык заттар.
Тамактан уулануунун алдын алуу боюнча сунуштар
Жылдам тамактануу жайлары үчүн (мисалы, шаурма, бургер, хот-дог жана башка тамактарды даярдоочулар үчүн):- тамак даярдоо учурунда санитардык эрежелерди жана технологиялык көрсөтмөлөрдү так сактоо;
- өндүрүштүк контролдун программаларынын болушу жана аткарылышы;
- медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана ишке киргизүү;
- жугуштуу оорулардын белгилери бар адамдарды жумушка кабыл албоо;
- кызматкерлерди жеке гигиена эрежелери боюнча туруктуу окутуу;
- происхождениесин тастыктаган документтери бар сапаттуу ингредиенттерди колдонуу;
- чийки заттар менен даяр тамактарды бөлөк сактоо;
- тамакты сактоо жана даярдоо учурунда температуралык режимдерди сактоо;
- этти жана жартылай даяр продукцияны жетиштүү термикалык иштетүү;
- бөлмөлөрдү, инвентарды жана жабдууларды туруктуу тазалоо жана дезинфекциялоо;
- чийки заттар менен даяр тамактар үчүн өзүнчө инвентарды колдонуу;
- колду жуу үчүн үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо жана шарттарды түзүү;
- продукциянын коопсуздугу үчүн ээлеринин жеке жоопкерчилиги.
Элге сунушталат:
- таза көрүнүшү жана санитардык нормаларды сактаган коомдук тамактануу жайларын артык көрүү;
- шек жараткан, стационардык эмес жайларда шаурма жана башка тамактарды сатып алуудан качуу;
- тамактанар алдында, өзгөчө үйдөн тышкары тамактанганда, колду жуу.
Фастфуд балдарга, боюнда бар аялдарга, кары адамдарга жана хроникалык оорулары бар адамдарга сунушталбайт.
Тамактан уулануунун алгачкы белгилери пайда болгондо адистер өзүн-өзү дарылоодон качууга жана дароо медициналык жардамга кайрылууга кеңеш беришет.