
Күз-кыш мезгилиндин кириши менен Транспорт министрлиги тоолуу жолдордо катуу көзөмөл жүргүзүлөрүн жарыялады.
Министрликтин кызматкерлери «Сосновка» жана «Кара-Кол» көзөмөл пункттарында автотранспортту текшерүүгө киришти.
Кышкы шина жана тайгакка каршы тетиктери жок унаалар аталган посттордон өткөрүлбөйт.
Министрлик тоолуу аймактарга сапарга чыгардан мурун жайкы шинаңызды кышкы шинага алмаштырып, тайгактан коргоо үчүн тетиктерди алып жүрүүнү эскертет. Бул чаралар жолдордо коопсуздукту камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, айдоочулар ашууларда жүрүм-турум эрежелерин катуу сактоону сунушталат: каршы тилкеге чыкпоо, кар тазалоочу техниканын ишине тоскоол болбоо жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо.
Министрликке караштуу жолдорду пайдалануу ишканалары жолдордун абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, трассалардагы жана ашуулардагы шарттардын өзгөрүшүнө ыкчам жооп берүүгө даяр.