Безналичка: КПП «Сосновка» жана «Кара-Кол» аркылуу 300 миллион сом келип түштү
Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, адам факторунун таасирин минималдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында, министр мамлекеттик мекеме «Өндүрүш-иновативдик борборунун» жетекчилигине бул пункттарда безналичный төлөмдү ыкчам киргизүүнү тапшырды.
Учурда жарандар кызматтарды ыңгайлуу ыкмалар менен төлөй алышат: QR-коддор менен терминалдар аркылуу же электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер аркылуу.
Бул системанын киргизилиши менен көзөмөл өткөрүү пункттарындагы кызматкерлердин саны акырындык менен оптималдаштырылды.
Мындан тышкары, «Сосновка» жана «Кара-Кол» КППдагы транспорттук тыгындарды азайтуу үчүн жол тилкелери кеңейтилип, эки жаңы жол тилкеси кошулду, алар азыр эксплуатацияга киргизилди.