Бул чечим ветеринардык жана фитосанитардык стандарттарды сактоону жакшыртууга багытталган министрлер кабинетинин токтомуна ылайык кабыл алынды. Бул чаралардын негизги максаты — эт продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо.
Жаңы «Чүйгүн» павильону Бишкектин Первомай районунда жайгашып, 800 квадрат метр аянтты ээлейт жана санитардык-гигиеналык нормаларга толук жооп берет. Анын курамына кирет:
- офис жана ветеринардык лаборатория;
- эт үчүн карантиндик сактоо жайы;
- 90 квадрат метр аянттагы муздаткыч камера;
- баска кызматтык жайлар.
Бул өзгөртүүлөр борбордон жана башка аймактардан эт продукциясын жеткирген ишкерлер жана оптовиктер үчүн ишти кыйла жеңилдетет. Эми эт коопсуз, таза жана уюшкан шарттарда сатылат.