Мониторинг бир нече компаниялар Кыргызстандын жарандарын Түркия Республикасынын аймагында жумушка орноштуруу боюнча жалган маалыматтарды колдонуп, кабыл алып жатканын көрсөткөн.
Ошол эле учурда, чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу үчүн уруксат алуу процессинде тиешелүү мамлекеттик органга чындыкка дал келбеген маалыматтар менен документтер тапшырылган, анда Түркиядагы жумуш берүүчүлөр же чет элдик делдалдар менен чыныгы кызматташтык жөнүндө маалымат жок болчу.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу төмөнкү агенттиктердин иши убактылуу токтотулду:
- ОсОО «Голден ворк & тревел»;
- ОсОО «Айрис Тревел»;
- ОсОО «Рамай-Саякат»;
- ОсОО «Аска-Трэвел».
Уруксаттарды токтотуу мыйзам бузуулардын себептери белгиленген тартипте жоюлмайынча күчүндө болот.
Чет өлкөлөрдө жарандарды жумушка орноштуруу борбору уруксат алуу учурунда жалган маалымат берүү жана тышкы эмгек миграциясы боюнча мыйзамдарды эске албоо жоопкерчиликке, анын ичинде уруксатты токтотууга же жок кылууга алып келиши мүмкүн экенин баса белгилейт.