Тандоо төмөнкү критерийлерге жооп берген талапкерлер үчүн ачык болот:
- жашы 18ден 35ке чейин;
- түрк, англис же башка чет тилин билүү;
- кандидаттар массажист (сертификаты болсо), ашпозчу же пляждык куткаруучу адистери болушу мүмкүн.
Интервьюга катышуу Түркияда мейманкана кызмат көрсөтүү тармагында легалдуу жумушка орношуу үчүн тандоодон өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Жумушка орноштуруу борборунун өкүлдөрү интервьюнун алкагында берилген кызматтар акысыз экенин белгилешти. Талапкерлерге делдалдык кызматтарды төлөөгө туура келбейт.
Төлөм визалык процедуралар учурунда гана жүргүзүлөт жана эч кандай кошумча жашыруун төлөмдөр каралган эмес.
Түркиялык жумуш берүүчүлөр катталган кандидаттарды тандоону жүргүзүшөт.