Бакыт Кадыралиев КГМАнын студенттери менен дарыгерлерди даярдоо маселесин талкуулады
14-февралда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев бүтүрүүчү курстун студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын алкагында келечектеги дарыгерлерди даярдоонун негизги аспекттери, анын ичинде интернатура жана ординатура, ошондой эле студенттердин клиникалык даярдыгын жакшыртуу маселелери талкууланды. Айрыкча, студенттер клиникалык дисциплиналарды үйрөнө баштаган үчүнчү курстан баштап, окуунун