
Биринчи радиодо айтылган маалыматка ылайык, мамлекеттик «Эл Аман» дарыканалар тармагы ачылган күндөн бери 1 миллиард 671 миллион 459 миң сомдук дары-дармек саткан. Тармактын жетекчиси Рысбек Акынбеков бул сумма ичинен 185 миллион 947 миң сом мамлекеттин бюджетине салык катары төлөнгөнүн белгиледи.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Эл Аман» дарыканаларынын 72си иштеп жатат. Алардын 16сы Бишкекте, 9у Чүй облусунда, 5и Ысык-Көлдө, 6сы Таласта, 3ү Нарын облусунда, 5и Баткенде, 15и Жалал-Абадда, 13ү Ош облусунда жана 3ү Ош шаарында жайгашкан. Бул жылы жаңы филиалдарды ачуу пландалууда. Тармак 45 фармацевтикалык дистрибьютор менен кызматташат жана бул дарыканалардагы дары-дармектердин баасы жеке аналогдоруна салыштырмалуу 10-15% төмөн экенин Акынбеков кошумчалады.
«Эл Аман» дарыканалар тармагы эки жыл мурун калкка дары-дармек жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында негизделген.