Декларация. Садыр Жапаров 2024-жылы канча акча тапканы белгилүү болду
Жарияланган маалыматтарга ылайык, президент Садыр Жапаров 2 миллион 214 миң 482,38 сом тапкан, бирок анын чыгашалары декларацияда көрсөтүлгөн эмес.
Президентке 2 миң 627 чарчы метр аянтты ээлеген бизнес-центр жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда 63 сотых айыл чарба жерлери, ошондой эле 21 сотых аянттагы жер участогу тиешелүү. Анын кыймылдуу мүлкүндө 100 миң сомдук «Жигули» автоунаасы бар.
Декларацияда акча каражаттарын легалдаштыруунун суммасы 1 миллиард 163,5 миллион сомду түзгөнү көрсөтүлгөн.
Президенттин жакын туугандарынын кирешелери 29 миллион 706 миң 840 сомду түздү.
Окшош материалдар:
