Кыргызстандын түнкү клубдарында СБНОН кызматкерлери рейддерди өткөрүштү
Бул иш-чаралардын негизги максаты — наркотиктерди колдонууга жол бербөө, кылмыштардын жана укук бузуулардын санын азайтуу, ошондой эле жаштар арасында дене тарбия жана саламаттыкты сактоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.
Рейддердин жүрүшүндө көңүл ачуу мекемелеринин администрациясына коопсуздукту камсыз кылуу, ички контролду жакшыртуу жана наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүн алдын алуу боюнча сунуштар берилди. Аларга укук бузуулар тууралуу дароо укук коргоо органдарына билдирүү зарылдыгы эскертилип өттү.
«Түнкү клуб» операциясынын алкагында өткөрүлүп жаткан бул профилактикалык иш-чаралар келечекте улантылат.
Окшош материалдар:
